Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын актуалдуу окуялары

ЖЭЭНБАЕВ ЖАНЫБЕК ЖЕЕНБАЕВИЧ (1931-2007)

Ж.Жеенбаев — төмөнкү температурадагы плазма физикасы жана атомдук спектроскопия тармагындагы ири окумуштуу, параметрлери өзгөчө туруктуу болгон бир каналдуу плазмотрондун жаратуучусу. Ал белгилүү моделдерден кыйла айырмаланып, спектралдык анализде гана эмес, СССР Илимдер академиясынын институттарынын лабораториялык шарттарында ионосфераны моделдөөдө да колдонулган. Ар кандай плазма генераторлорунун автору. Ал электр жаалуу плазманы диагностикалоонун эксперименталдык жана теориялык методдорунун комплексин изилдөөдө жана түзүүдө олуттуу натыйжаларга жетишкен; бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары илимде жана техникада колдонулган бир каналдуу, эки жана үч агымдуу плазмотрондордун принципиалдуу жаңы конструкцияларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берген; радиотехника үчүн принципиалдуу кызыгууну туудурган поликристаллдык материалдардын жаңы физикалык касиеттери табылып, изилденген.

Анын жетекчилиги астында жана түздөн-түз катышуусу менен КМШ өлкөлөрүндө кесүүчү аспаптарды бекемдөө, машиналардын жана механизмдердин тетиктерин калыбына келтирүү, жасалма алмаздарды синтездөө жана алмаз аспаптарын алуу, ошондой эле жаңы декоративдик касиеттерге ээ болгон курулуш материалдарын өндүрүү технологиялары иштелип чыгып, өндүрүшкө киргизилген. Акыркы жылдары өнөр жай жана тиричилик калдыктарын комплекстүү кайра иштетүүнүн экологиялык жактан таза плазмалык технологиясын түзүү үстүндө иштеген.

Академик Ж.Жеенбаев 300гө жакын илимий эмгектин, анын ичинде 9 монографиянын, ойлоп табууларга берилген 23 автордук күбөлүктүн жана 3 патенттин автору. Анын жетекчилиги астында 18 илимдин кандидаты жана 2 илимдин доктору даярдалган.

Сыйлыктары:

— СССРдин үч медалы менен сыйланган;

— КПСС БКнын, СССР Министрлер Советинин, Бүткүл союздук кесиптик бирликтер борбордук советинин жана ВЛКСМ БКнын, «Знание» коомунун жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын, КР Жогорку Советинин Ардак грамоталары;

— Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1991). — Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992);

— Медалдары: СССРдин медалдары, «Даңк» (1997), I даражадагы «Ар-намыс, даңк, эмгек» алтын Георгий медалы (Украина, 2002-жылдын майы).

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (1997-жылдын декабры — 2007-жылдын апрели);

— КР УИАнын академиги (28.03.1989-жылдан тартып);

— Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1991);

— Физика-математика илимдеринин доктору.