Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын актуалдуу окуялары

КОЙЧУЕВ ТУРАР КОЙЧУЕВИЧ (04.09.1938-ж. туулган)

Академик Т.Койчуевдин илимий изилдөөлөрү Кыргыз ССРинин экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү, экономикалык теория, экономикалык реформалар менен байланыштуу болгон жана алар илимий чөйрөдө, эл чарбасын башкаруу тармагында гана эмес, бүткүл СССРде жана союздук республикаларда кеңири белгилүү болгон.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары ал Экономикалык реформа боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп, рыноктук багыттагы жана эгемендүү коомдук-саясий түзүлүштөгү жаңы Кыргызстандын калыптанышына баа жеткис салым кошкон. Т.К.Койчуевдин жетекчилиги астында өлкөнүн социалдык рыноктук экономикага өтүү программасынын негизин түзгөн экономиканын жана башкаруунун жаңы түзүмүн калыптандыруу боюнча идеология, концепция, схема жана долбоорлор иштелип чыккан. Максат пландаштырылган эл чарбасын борбордон ажыратуу, рыноктук мамилелерге өтүү, өткөөл мезгилдин көп укладдуу чарбалык ишмердүүлүгүнө мүнөздүү болгон башка формаларды да четке какпастан, жеке менчикке негизделген экономиканын мамлекеттик эмес секторун түзүү болгон. Ал 1993-жылы улуттук валютаны киргизүү боюнча Мамлекеттик комитеттин көз карандысыз эксперти, улуттук валютаны киргизүүгө даярдык көрүү боюнча өкмөттүн жумушчу тобунун төрагасы болгон.

Т.Койчуевдин практикалык жактан маанилүү илимий натыйжалары Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, өзгөчө экономикалык реформаларга, республиканын эл аралык экономикалык уюмдар жана чет мамлекеттер менен болгон экономикалык кызматташтык маселелерине байланыштуу. Т.Койчуевдин пикири боюнча, мамлекеттин ишке ашырыла элек ресурсу болгон чакан жана орто бизнес менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү зарыл. Каржылык жана технологиялык лизинг сыяктуу өнөктөштүктүн рыноктук инструменттери активдештирилет. Натыйжада импортту алмаштыруу процесстери күчөйт.

Т.Койчуев 1100дөн ашык илимий эмгектерди, анын ичинде 80 монография жана брошюраны, 237 илимий баяндама жана макалаларды, 170 публицистикалык макалаларды жарыялаган. Ал 14 экономика илимдеринин докторун жана 33 кандидатын даярдаган.

Сыйлыктары:

— КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер;

— КРнын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;

— III даражадагы «Манас» ордени.

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (1993-жылдын декабры — 1997-жылдын декабры);

— КР УИАнын академиги (28.03.1989-жылдан тартып);

— Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1992);

— Экономика илимдеринин доктору.