Илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар коомдун жана мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн экономикалык, социалдык жана башка чөйрөлөрүнүн конкреттүү муктаждыктарына багытталган.
Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары илимди өнүктүрүүнүн мамлекеттик артыкчылыктуу багыттарына ылайык келет: – Кыргызстандын тарыхы;
– кыргыз тили; – айл чарба, биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугу;
– жашыл экономика; – саламаттыкты сактоо жана адамдын жашоосунун сапатын жакшыртуу;
– климаттын өзгөрүшү жана экология; – жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана жашыл каржылоо;
– тышкы карызды жашыл демилгелерге алмаштыруу;
– туруктуу энергетика жана курулуш индустриясы;
– индустрия 4.0;
– борбордук банктардын санариптик валюталары;
– санариптик трансформация.
Физика-техникалык, математикалык жана тоо кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн негизги багыттары: белгиленген касиеттери бар материалдарды алуу, плазма, лазердик жана нано-маалыматтык технологиялар, илимий-техникалык жана эл чарба маселелерин чечүү үчүн аэрокосмостук маалыматты пайдалануу, ошондой эле аймактык геология, пайдалуу кендер, физикалык география, геоэкология жана инженердик геология жаатында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; Тянь-Шандын сейсмикалык режимин жана анын аймактын геодинамикалык өзгөчөлүктөрү менен байланышын изилдөө; сейсмикалык кырдаалды болжолдоо жана күтүлүп жаткан жер титирөөлөрдүн аймактарын картага түшүрүү; техникалык системаларды башкарууну автоматташтыруу жана санариптештирүү (ар кандай техникалык жана энергетикалык объектилерди контролдоонун интеллектуалдык системаларын түзүү жана оптималдаштыруу); энергиянын кайра жаралуучу булактарында инновациялык чечимдер (күн, биогаз жана гидроэнергетикага, ошондой эле автономдуу энергетикалык системаларга негизделген технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү) ж.б. болуп саналат.
Химия-технологиялык, медициналык-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн негизги багыттары болуп табигый дары-дармек өсүмдүктөрүнүн биологиялык активдүү заттарын изилдөө, биологиялык ар түрдүүлүктү комплекстүү изилдөө, табигый биологиялык ресурстарды көбөйтүүнүн, сактоонун жана практикалык пайдалануунун илимий негиздерин иштеп чыгууда активдүү изилдөөлөр саналат; ошондой эле адамдын ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн таасири, Кыргызстандын жаратылыш экосистемасынын түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин генетикалык ресурстарын толуктоо, селекциялык ыкмаларды жана биотехнологияны колдонуу менен айыл чарба жаныбарларынын түзүлгөн породаларын сактоо маселелери; мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун чыгаруу, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана илдеттерин алдын алуу. Айрыкча, экологиялык, биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга салым кошкон изилдөөлөргө өзгөчө көңүл бурулат.
Коомдук илимдер боюнча бөлүмүнүн фундаменталдык жана илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары гуманитардык илимдердин кеңири чөйрөсүн камтыйт жана өнүгүүнүн ар кандай этаптарындагы тарыхый-маданий мурастарды, тилди, адабиятты, философияны, укукту жана коомдук-саясий процесстерди изилдөөгө, сактоого жана өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын инновациялык, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн калыптандыруу жана иштөө механизмдерине, заманбап коомдогу социалдык жана саясий процесстерине багытталган.
Түштүк бөлүмүнүн фундаменталдык жана илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары: минералдык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, отундун композиттик жана альтернативдик түрлөрүн иштеп чыгуу, аймактын медициналык-биологиялык көйгөйлөрүн изилдөө, дарыялардын жайылмаларында жайгашкан курулуш материалдарын рационалдуу өздөштүрүү болуп саналат.
