Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын актуалдуу окуялары

ЖОРОБЕКОВА ШАРИПА ЖОРОБАКОВНА (13.01.1945-ж. туулган)

Ш. Жоробекованын жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу менен гумустук заттардын жана башка табигый полимерлердин биологиялык, биохимиялык жана экологиялык процесстердеги иштөө механизмдерин аныктоого багытталган бир катар фундаменталдык илимий изилдөөлөр аткарылды. Фундаменталдык изилдөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде экономиканын жана экологиянын практикалык көйгөйлөрүн чечүү үчүн чоң мааниге ээ болгон колдонмо иштеп чыгуулар аткарылды: Bacillus Liheniformis 28 КА культурасын өстүрүүдө клеткадан тышкаркы протеиназаны жана бацитрацин антибиотигин микробиологиялык синтездөөнү интенсификациялоонун ыкмасы иштелип чыкты, Байер ыкмасы боюнча төмөнкү сорттогу бокситтерди глиноземге кайра иштетүүнүн технологиялык циклиндеги бузулууларды жоюунун ыкмалары сунушталды, Кыргыз Республикасынын окистенген күрөң көмүрүнүн негизинде гумустук жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдүн өсүү стимуляторлорун, бактериялык препараттарды, топурак кондиционерлерин жана мелиоранттарды алуунун инновациялык технологияларын иштеп чыгуу боюнча иштердин цикли аткарылды; көмүрдүн жана гумустук заттардын негизинде төмөнкүдөй касиеттерге ээ болгон жаңы функционалдык материалдарды алуу технологиялары иштелип чыкты: (а) органикалык эмес жана органикалык булгоочу заттарга карата детоксикациялоочу касиеттери; (б) гормон сымал активдүүлүк менен өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана өнүгүшүнө стимул берүүчү; (в) топуракка карата эрозияга каршы, турукташтыруучу таасири. Анын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Биохимиялык коому түзүлдү, КМШга мүчө мамлекеттердин фундаменталдык изилдөөлөр жаатындагы кызматташтык боюнча кеңеши түзүлдү.

Академик тарабынан 330дан ашык илимий эмгек, анын ичинде 13 монография жана 5 окуу китеби жарыяланып, 23 автордук күбөлүк жана патент алынган.

Ошондой эле Жоробекова Ш. 20дан ашык илимдин докторлорун жана кандидаттарын даярдаган.

Сыйлыктары:

— «Даңк» медалы, «Ардак белгиси» ордени, эл аралык «Алтын фортуна» ордени жана РФнын Ломоносов атындагы ордени;

— Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу, Ж. Баласагын атындагы жана «Руханият» ассоциациясынын сыйлыктарынын лауреаты;

— Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;

— КМШнын «Шериктештик жылдыздары» мамлекеттер аралык сыйлыгы.

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (июнь 2007 — апрель 2012-ж.);

— КР УИАнын академиги (25.12.2000-жылдан тартып);

— Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер;

— Химия илимдеринин доктору.