К.Е. Абдрахматов Кыргызстандын сейсмотектоника жана сейсмикалык райондоштуруу тармагындагы алдыңкы адистеринин бири. Ал 1995, 2012 жана 2018-жылдары жарык көргөн жана долбоорлоо-изилдөө жана курулуш уюмдары үчүн ченемдик документ катары кабыл алынган Кыргыз Республикасынын аймагын сейсмикалык райондоштуруу карталарынын автору жана авторлошу. Ал Чүй өрөөнүн (1995), Ысык-Көл өрөөнүн (1985) деталдуу сейсмикалык райондоштуруу карталарын, ошондой эле республиканын бир катар маанилүү өнөр жай курулмаларынын жана шаарларынын деталдуу сейсмикалык микрорайондоштуруу карталарын түзүүгө катышкан. К.Е. Абдрахматов өзүнүн эмгек жолунун ар кандай этаптарында КМШ өлкөлөрүндө кабыл алынган салттуу ыкмалардан тартып, учурда алыскы чет өлкөлөрдө колдонулуп жаткан заманбап ыкмаларга чейинки сейсмикалык коркунучту баалоонун ар кандай методдорун колдонуп келет. 2009, 2011, 2018-жылдары ал АКШ, Франция, Бельгия, Германиядан келген кызматташтар жана Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандагы кесиптештери менен биргеликте Борбордук Азия аймагынын жер титирөө коркунучунун жаңы ыктымалдуу карталарын жер кыртышынын максималдуу ылдамдануусу (PGA) терминдеринде түзгөн, бул ар кандай аймактарды сейсмикалык райондоштуруу практикасында жаңы сөз болуп саналат.
К.Е. Абдрахматов Камбар-Ата-2 ГЭСинин плотинасын куруу боюнча ири масштабдуу жардырууга илимий байкоо жүргүзүү программасынын жетекчиси болгон. Анын илимий кызыкчылыктары жогоруда аталган маселелерди гана эмес, ошондой эле заманбап геодинамика, жаңы тектоника, геоморфология, структуралык геоморфология, төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнүн стратиграфиясы, гляциология жана география, палеогеоморфология жана палеогеография көйгөйлөрүн да камтыйт.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары 200дөн ашык илимий эмгектерде, анын ичинде 10 монографияда жана 30 илимий-өндүрүштүк отчетто жарыяланган. Акыркы 5 жылдын ичинде эле К.Е. Абдрахматов 56га жакын илимий макала жарыялаган, алардын 27си чет өлкөлүк басылмаларда англис тилинде чыккан.
Анын жетекчилиги астында 2 доктордук жана 6 кандидаттык диссертация корголгон.
Сыйлыктары:
— 2020-жылдын 13-ноябры — Кыргыз Республикасынын илим күнүнө карата жана ак ниет эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү сааты;
— 2024-жылдын 23-декабры — «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы.
— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (2022-жылдан бери);
— Корреспондент-мүчө (2021-жылдан бери);
— Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
— Геология-минералогия илимдеринин доктору.
