Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын актуалдуу окуялары

ДЖУМАТАЕВ МУРАТ САДЫРБЕКОВИЧ (1957)

М.С. Жуматаевдин илимий ишмердүүлүгү өзгөрмө түзүмдүү механизмдер жана машиналар теориясын өнүктүрүүгө жана алардын негизинде машиналарды конструкциялоого байланыштуу. Илимий изилдөөлөрдүн чоң көлөмү өзгөрмө түзүмдүү механизмдерди талдоого жана синтездөөгө арналган. Ал өзгөрмө түзүмдүү шарнирдик-рычагдуу механизмдердин түзүмдүк жана кинематикалык анализинин негиздерин иштеп чыккан, звенолордун геометриялык параметрлери өзгөргөндө алардын түзүмүнүн өзгөрүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачкан. Ал машиналар динамикасы жаатындагы ири адис. Анын тарабынан прес-автоматтарды, электромеханикалык жана гидравликалык сокку уруучу жана сокку уруучу-айлануучу машиналарды, борбордон четтөөчү-сокку уруучу майдалагычтарды динамикалык эсептөө методдору түзүлгөн. Бул методдордун негизинде өлкөнүн ар кайсы тармактарында колдонулуучу машиналардын конструкциялары иштелип чыгып, тажрыйбалык үлгүлөрү жана өнөр жай сериялары чыгарылган.

М.С. Жуматаев 150дөн ашык илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын автору жана авторлошу, алардын ичинде 5 монография, 15тен ашык ойлоп табууга автордук күбөлүк жана патент, машина куруу профилиндеги студенттер үчүн 7 окуу жана окуу-методикалык курал бар. Анын жетекчилиги астында 6 кандидаттык диссертация корголгон.

Сыйлыктары:

— 2002-ж. — Илимий ишмердүүлүктөгү сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;

— 2010-ж. — «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы;

— 2020-ж. — КМШнын «Содружество жылдыздары» мамлекеттер аралык сыйлыгынын лауреаты.

— Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (2017-жылдан 2022-жылга чейин);

— КР УИАнын академиги (2006-жылдан бери);

— Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;

— Техника илимдеринин доктору.