Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын актуалдуу окуялары

ЛАВЕРОВ НИКОЛАЙ ПАВЛОВИЧ (1930-2016)

Н.П. Лаверов геология, уран геохимиясы, кен байлыктарын издөө, чалгындоо жана өздөштүрүү тармагындагы советтик жана россиялык окумуштуулардын лидери болуп саналат. Ал Россиянын атомдук жана кубаттуу минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү жана өздөштүрүү үчүн жаңы технологияларды түзүүдө чоң эмгек сиңирген. Анын изилдөөлөрүндө энергетика, радиоэкология, Дүйнөлүк океан жана Арктика маселелери, ошондой эле табигый кырсык процесстерине космостук мониторинг жүргүзүү олуттуу орун ээлеген.

Ал биринчи жолу ири уран провинцияларынын көп актылуу калыптануу концепциясын сунуштаган, анын негизинде радиоактивдүү сырьенун кендерин издөөнүн алдыңкы критерийлери жана келечектүү багыттары аныкталган. Ал уран кендеринин жаңы генетикалык систематикасын сунуштап, Жердин тарыхында өнөр жайлык кендердин бир түрүнүн экинчиси менен алмашуу мыйзамченемдүүлүгүн негиздеген жана уникалдуу кендердин ордун өзгөчө белгилеген. Ал радиациялык коркунучту жоюу боюнча бир катар эмгектерди жана жаңы технологияларды жарыялаган, анын ичинде изотопторду фракциялоо, узак жашоочу радиоэлементтерди консервациялоо үчүн минералдык матрицаларды түзүү, жер кыртышынын терең горизонтторунда радиоактивдүү калдыктарды жайгаштыруучу жерлерди тандоо үчүн геологиялык-геофизикалык негиздерди иштеп чыгуу бар.

Ал 500дөн ашык илимий макалаларды, серептерди, илимий-методикалык жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралдарын жарыялаган. Н.П. Лаверов 20 монографиянын автору жана авторлошу, көптөгөн китептердин жана жыйнактардын редактору.

Сыйлыктары:

— «Ата-Мекен алдындагы кызматтары үчүн» орденинин толук кавалери;

— Ордендери: «Ардак белгиси» (1971), эки жолку Эмгек Кызыл Туу ордени (1981, 1986); РФ Президентинин Ардак грамотасы;

— Көптөгөн медалдары: «РСФСРдин эмгек сиңирген геологу», «РФтин илим жана техникасынын ардактуу кызматкери»;

— Сыйлыктары (премиялары): РФ Өкмөтүнүн илим жана техника жаатындагы (2001, 2009), РФ Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы (2006), Демидов (1997), «Триумф» (2001), «Глобалдык энергия» (2009), А.Н. Косыгин атындагы (2009);

— Алтын медалдары: М.В. Ломоносов (2006), В.И. Вернадский, А.П. Карпинский, С.И. Вавилов, О.Ю. Шмидт атындагы.

— Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти (июль 1987 – март 1989);

— СССР Илимдер академиясынын вице-президенти;

— СССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү;

— Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;

— Геология-минералогия илимдеринин доктору.