М.И.Иманалиевдин илимий ишмердүүлүгү математика илими үчүн актуалдуу болгон дифференциалдык жана интегро-дифференциалдык теңдемелер теориясынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана аларды илимдин ар түрдүү тармактарында колдонууга байланыштуу болгон. Анын илимий эмгектери ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде космостук жана аскердик-техникалык тармактарда колдонулат.
Ал ошондой эле Кыргызстандын илим жана билим берүү тармагынын көрүнүктүү уюштуруучуларынын бири, орто мектептер үчүн математика боюнча базалык окуу программасынын жана кыргыз тилиндеги окуу китептеринин автору болгон.
М.И. Иманалиев 7 монографиянын, кыргыз тилинде окутуучу орто мектептер үчүн 2 окуу китептин, 7 автордук ойлоп табуунун жана 200дөн ашык илимий эмгектин автору.
Ал 50дөн ашык илимдин кандидатын жана 20дан ашык илимдин докторун даярдаган.
Сыйлыктары:
— 1979-ж. – Эмгек Кызыл Туу ордени;
— СССРдин медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары;
— 1981-ж. – «Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы;
— 1997-ж. – Кыргыз Республикасынын III даражадагы «Манас» ордени;
— 2000-ж. – Америка Биографиялык институтунун изилдөөчү кеңешчилер коллегиясынын ардактуу мүчөсү;
— 2001-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин «ХХ кылымдагы көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн» ардактуу алтын медалы;
— 2003-ж. – I даражадагы «Манас» ордени. — Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти (июнь 1979 — март 1986);
— Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги (28.03.1989-жылдан тартып);
— СССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү;
— Россия Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү;
— Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер (1981);
— Физика-математика илимдеринин доктору.
