Кыргыз ССР ИАсынын академиги (20.11.1960-жылдан тартып);
СССР ИАсынын корреспондент-мүчөсү; РАНдын корреспондент-мүчөсү;
Тарых илимдеринин доктору.
Советтик тарыхчы, илимий ишинин негизги багыты КПСС тарыхы, СССР тарыхы жана маданий курулуш болгон. Марксизм-ленинизм классиктеринин эмгектерин кыргыз тилине которгон жана котормолорун редакциялаган. Окумуштуу 18 жылдан ашык убакыт бою академиянын түзүмдүк бөлүмдөрүн чыңдоо, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын чыгармачылык байланыштарын кеңейтүү боюнча иш алып барган. Кыргыз ССРинде автоматика, математика, тоо тектеринин физикасы жана механикасы, сейсмология, философия жана укук, биохимия жана физиология институттарын жана КР УИАсынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү идеясы дал ушул Курман-Гали Каракеевге таандык. 10дон ашык монографиянын жана 350дөн ашык илимий макаланын автору. Курман-Гали Каракеевдин илимдин калыптанышына кошкон салымы республиканын өкмөтү тарабынан татыктуу бааланган.
Сыйлыктары жана наамдары:
«Манас-1000» эстелик алтын ордени; Эстелик алтын медалы
— Кыргыз Республикасынын юбилейлик мамлекеттик сыйлыгы. Ордендери: I жана II даражадагы «Манас», Ленин, Эмгек Кызыл Туу (төрт жолу);
«Ардак белгиси», Октябрь революциясы ордендери жана башка медалдар;
«КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер»;
КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы;
«Кыргыз Республикасынын Баатыры»;
Башка сыйлыктар.
