Акыркы кабарлар

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын актуалдуу окуялары

АКАДЕМИЯДА ВЕНГРИЯЛЫК ГЕОГРАФТЫН СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ УЮШТУРУЛАТ

Бүгүн 28-сентябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында президент Б.Дженбаев Венгриянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Букаи жана Сегед университетинин профессору Петер Силашини кабыл алды. Жолугушууда КР Улуттук илимдер академиясында Тянь-Шань аймагын 1906-1909-жылдары изилдеген венгриялык географ Дьюла Принцтин картографиялык материалдары, панорамалык сүрөттөрү жана фотосүрөттөрү коюлган көргөзмөсүн уюштуруу, Дьюла Принцтин экспедицияларына арналган китепти биргелешип басып чыгаруу маселелери талкууланды. Андан соң биргелешкен илимий-изилдөө программаларын ишке ашыруу максатында КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы менен Венгриянын Илимдер академиясы жана Сегед университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум даярдоо макулдашылды https://kruia.gov.kg/news/show/akademiyada-vengriyalyk-geograftyn-surot-korgozmosu-uyushturulat/ky