А. А. Акаев кванттык электроника, голография жана ЭЭМде маалыматты оптикалык иштетүү тармагындагы ири окумуштуу. Ал борттук электрондук эсептөөчү машиналар үчүн интегралдык ферриттик эс тутум түзүлүштөрүнүн ишенимдүү иштешин камсыз кылуунун маанилүү маселесин чечүүгө мүмкүндүк берген методду сунуштап, иштеп чыккан. Оптикалык техника тармагындагы жаңы илимий багытты кванттык электроника, оптикалык голография жана эсептөө техникасы менен айкалыштырып өнүктүрүү менен, ал чоң сыйымдуулуктагы голографиялык эс тутум түзүлүштөрүнүн конструктивдүү теориясын, эсептөө жана параметрлерин оптималдаштыруу методдорун, ошондой эле электрондук эсептөөчү машиналарда голограммаларды синтездөө методдорун түзгөн. Өнүктүрүлүп жаткан дагы бир маанилүү илимий багыт — маалыматты иштетүүнүн оптикалык-электрондук системаларын куруунун теориясын жана принциптерин иштеп чыгуу болуп саналат.
Ал 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 15 монографиянын, окуу китептеринин жана окуу куралдарынын автору.
А. А. Акаевдин жетекчилиги астында 3 докторлук жана 29 кандидаттык диссертация корголгон.
Сыйлыктары, наамдары:
— Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1977; «ЭЭМди жылытуу маселелерин математикалык изилдегени үчүн»);
— Ордендери: «Ардак белгиси» (1981), I даражадагы «Достык» (Казакстан, 2001), I даражадагы Кош ак крест (Словакия, 2003) жана Пушкин медалы (1999); Илимий сыйлыктары: Н. Д. Кондратьев атындагы алтын медаль, В. В. Леонтьев атындагы алтын медаль, В. И. Вернадский атындагы алтын медаль жана ордени ж.б.;
— Россия илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү (РАИнин академиги; 2006);
— РФ ТИМ Дипломатиялык академиясынын ардактуу доктору (2001); М. В. Ломоносов атындагы ММУнун (2003)[1]; ИТМО университетинин (2004);
Россия ТИМ МЭЭМИнин ардактуу доктору[2].
— М. В. Ломоносов атындагы ММУнун (1996),
Россия илимдер академиясынын (2003) ардактуу профессору.
Лондон математикалык коомунун мүчөсү.
Бир нече чет өлкөлүк университеттердин ардактуу доктору жана профессору.
— 2025-жылдын 25-январында Владимир Путин Аскар Акаевге Россия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамын ыйгарды.
— Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти (1989-жылдын марты — 1990-жылдын октябры);
— КР УИАнын академиги (03.07.1987-жылдан тартып);
— РИАнын чет элдик мүчөсү;
— Физика-математика илимдеринин доктору;
— Россия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2025-жылдан тартып).
