СССРдеги жалпы биологиялык, ветеринардык жана медициналык профилдеги алгачкы илимий гельминтологиялык мекемелердин түзүлүшүнө демилгечи болгон көрүнүктүү советтик гельминтолог. К.И. Скрябин СССРдин дээрлик бардык аймактарына 350дөн ашык гельминтологиялык экспедицияларды уюштурган, алардын жыйынтыгында гельминттердин 500дөн ашык жаңы түрү сүрөттөлгөн, анын ичинен 200ү ал тарабынан жеке ачылган. Эң коркунучтуу гельминтоздордун очоктору аныкталып, алар менен күрөшүү боюнча пландаштырылган иш-чаралар иштелип чыккан. Чогултулган зор материал үч чоң бөлүмгө: жаныбарлардын жана адамдын трематодалары, нематодалары жана цестодалары боюнча системалаштырылган. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары үч негизги көп томдук монографияда жарыяланган. Окумуштуунун маанилүү эмгеги биологияны, медицинаны жана ветеринарияны «бир чатырдын астына» бириктиргенинде; ал толук гельминтологиялык союу методун иштеп чыгып, киргизген, дегельминтизациянын принциптерин сунуштаган, девастация теориясын, башкача айтканда, кайсы бир гельминтти зоологиялык түр катары толугу менен жок кылуу теориясын иштеп чыккан. Окумуштуу адамдын тениидозуна, ири мүйүздүү малдын жана чочколордун финнозуна, жаныбарлардын жана адамдын эхинококкозуна каршы комплекстүү иш-чараларды өткөрүүнү биринчи кезектеги милдеттер катары койгон. К.И. Скрябин 700дөн ашык илимий эмгекти, анын ичинде 30га жакын монографияны, окуу китептерин жана колдонмолорду жарыялаган.
Сыйлыктары жана наамдары:
СССР Илимдер академиясынын, ВАСХНИЛдин жана СССР Медицина илимдер академиясынын академиги; Ленин ордени жана «Орок жана балка» алтын медалы менен сыйланган Социалисттик Эмгектин Баатыры;
6 Ленин орденинин, 3 Эмгек Кызыл Туу орденинин, Кызыл Жылдыз орденинин, Лениндик сыйлыктын жана эки Сталиндик сыйлыктын лауреаты;
Улуу Британиянын, Франциянын, АКШнын, Бельгиянын ж.б. өлкөлөрдүн ардактуу академиги. К.И.Скрябиндин ысмы ал тирүү кезинде эле Кыргыз айыл чарба институтуна берилген, ал өмүрүнүн акырына чейин ошол институттун ардактуу профессору болгон. Бүгүнкү күндө бул К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети. Анын жанында К.И.Скрябиндин эстелиги орнотулган жана анын атындагы көчө бар. Ошондой эле Тянь-Шань тоо кыркаларынын бирине окумуштуунун ысмы берилген.
СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын президенти (1943-жылдын январы — 1952-жылдын июлу);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1954-жылдын 13-декабрынан тартып);
СССР Илимдер академиясынын академиги (1939); ВАСХНИЛдин академиги (1935);
СССР Медицина илимдер академиясынын академиги (1944);
Ветеринария илимдеринин доктору (1934);
Медицина илимдеринин доктору (1938);
Биология илимдеринин доктору (1943).
